Чын эле Путинсизби? РФ лидери "түгөйү" тууралуу айтып берди

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин ТАСС маалымат агенттигине интервью берди. Журналист өлкө лидери бийликте 20 жылдан бери тургандыктан ага 20 суроо узатууну чечкенин билдирди.

Интервьюнун видеосу ТАСС агенттигинин YouTube каналына жарыяланды.

Коомчулук арасында "Путиндин түгөйү (двойник — ред.) бар" деген айың кептер көп жылдан бери айтылып, керек болсо анын сүрөттөрүн салыштырган видеолор интернетте тарап келет. ТАСС агенттигинин журналисти интервью учурунда элди кызыктырган "двойник" боюнча суроо узатты.

— Сиз чын эле Путинсизби?
Путин: Ооба.

— Окшош түгөйүңүз барбы?
Путин: Жок.

— Болгон дагы эмеспи?
Путин: Жок.

— Негизи эле "двойник" даярдоо жөнүндө сөз болду беле?
Путин: Болгон. Бирок мен баш тартып койгом. Мындай идея терроризмге каршы күрөшүү жүрүп жаткан оор кезеңде айтылган.

— Дублер кооптуу жерлерге барсын дешти беле?
Путин: Барып, көрүнүп турсун дешкен.

— Демек түгөйүңүз жок экен да?
Путин:  Жок.

Владимир Путин журналисттин башка дагы кызыктуу суроолоруна жооп берген. Интервьюнун толук версиясын видеодон көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0