Энем кыргыз! Азиядан КРге алтын медаль алып келген Будажаповдун видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык Арсалан Будажапов Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль утту. Аны ЖМКлар легионер спортчу деп жазышканы менен кыргызга жээн экендигин спортчу өзү айтып берди.

Бүгүн, 24-февралда, Кыргызстандын намысын Азия аймагында коргогон эркин күрөштүн балбандарын "Манас" эл аралык аэропортунан федерация өкүлдөрү, жакындары жана журналисттер тосуп алышты.

Көз жабыркаса чемпионат бир тыйын экен! Улукбектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Көз жабыркаса чемпионат бир тыйын экен! Улукбектин видеосу
Белгилей кетсек, Индияда өткөн күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатында эркин күрөштөн эки балбан алтын, дагы эки спортчу коло медаль алган. Ал эми жалпы курама команда Кыргызстанга 11 медаль тагынып  кайтты.

Чемпион болгондордун арасында Арсалан Будажапов дагы бар. Ал финалда индиялык Балян Гуравды 7:5 эсебинде утуп, жеңишке жеткен.

Будажапов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып кыргызга жээн экендигин айтып берди.

"Бардыгыңыздарга колдооңуздар үчүн ыраазычылык айтам. Энем кыргыз, атам бурят. Жеңишимди бүткүл кыргыз элине арнайм. Кыргызстан үчүн күрөшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Энемдин мекенинин намысын коргоп жатам. Буга абдан сыймыктанам", — деди спортчу.

Балбанды тоскону келген бир тууган таежеси Чолпон Өмүрбекова буларга токтолду:

"Менин сиңдим Кундуз Өмүрбекова Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан. 19 жашында Москвага институтка окуганы кеткен. Ошол жакта окуп жүрүп бурят жигити менен таанышып, турмушка чыккан. Ошол бойдон Россияда турат. Баласы мурда Россиянын жараны болчу, азыр Кыргызстандын жараны. Мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп жатат. Сиңдим мекенине жасай турчу ниетин, жакшылыктарын ушул уулу аркылуу кылып жаткандай. Ал Кыргызстанымдын желегин бийик көтөргөн жакшы балдардан болсун деп атайын алып келген. Азыр сиңдим күйөө балам экөө абдан сүйүнүп жатат", — деди Өмүрбекова.

Балбан Арсалан Будажапов Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына даярданып жатканын кошумчалап, лицензия алуу каалоосу күч экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0