Цирктеги сүлөөсүн дрессировщиктин тилин албай, ага кол салды. Видео

Жазылуу
Түштүк Осетиянын Цхинвал шаарындагы циркте сүлөөсүн дрессировщиктин тилин албай жулунуп, жибин үзүп кетүүгө аракет жасаган. Бирок киши кое бербей койгондо аны көздөй атырылган.

Окуяны залда отурган көрүүчүлөр видеого тартып алышкан. Аны Sputnik Осетия жарыялады.

Кадрдан көрүнүп тургандай, дрессировщик сүлөөсүн байланып турган жипти өзүн көздөй тарткылаган. Бирок жаныбар ага каршылык көрсөтүп жатып, бийик секичеден кулап түшкөн. Кийин эки бутуна тура калып кишиге асылган.

Алышып жатып акыры дрессировщик сүлөөсүндү көшөгө артына алып кеткен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik_Ossetia (@sputnik_ossetia)

Соцтармактын колдонуучулары сахна менен көрүүчүлөрдүн ортосунда тосмо жоктугун айтып ызаланышты.

"Акча тапса болду экен да. Элдин коопсуздугун ойлогон эч ким жок", — дешти комментарий жазгандар.

Интернет колдонуучулар коопсуздукка маани берилбеген иш-чаралар көрүүчүлөргө коркунуч жаратарын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0