Азия чемпионатынын байге ээлери Бишкекке келди. Видео

Жазылуу
Бишкекке Индиядагы Азия чемпионатынан байге алган эркин күрөштүн балбандары келди. Аларды "Манас" аба майданынан федерация өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана журналисттер тосуп алууда.

Нью-Делидеги күрөштөн Азиянын чемпионаты  - Sputnik Кыргызстан
Моюнун бурап, далысын жерге басты. Алтын алган Жолдошбеков. Фотофакт
Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 медаль багындырды. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана алтоо коло.

Бүгүн, 24-февралда, борборго Азия биринчилигинде чемпион болгон Улубек Жолдошбеков, Арсалан Будажапов жана коло алган Бекболот Мырзаназар уулу менен Исламбек Орозбеков баш болгон спортчулар келди.

Ал эми грек-рим менен кыз-келиндер күрөшүн аркалаган балбандардын Бишкекке мурда эле келгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0