17:20 05 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Видео

Шевченко токмоктогон Кечоейра ыкчам нокауту менен рекорд койду. Видео

Кыскача шилтеме алуу
1146 0 0
Facebook/ UFC

Жеңилирээк салмактагы (57 кг ) UFC уюмунун мушкер кыздары Жаңы Зеландиядагы турнирде күч сынашты. Анда бразилиялык спортчу Присцила Кечоейра Американын намысын коргогон Шана Добсон менен беттешти.

Кечоейра биринчи раунддун 40-секундасында атаандашын утуп, UFC уюмунда ыкчам нокаутка кетирүү боюнча рекорд койду.

Беттештин видеосу дүйнөлүк мушкерлер уюмунун расмий Facebook баракчасына жүктөлдү.

Бразилиялык мушкер Присцила Кечоейра америкалык Шана Добсон менен беттешкен. Беттеш узаган жекшембиде Жаңы Зеландиядагы UFC Fight Night 168 турниринин алкагында өттү.

Видеодон Кечоейра Добсонду оң колу менен астынан соккондо (апперкот), анын сулап түшкөнүн көрүүгө болот. Сокку артынан сокку узатылгандыктан рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон. Жеңишине кубанган бразилиялык мушкер бүк түшүп жата калып, ыйлап жиберген.

MMA Mania спорттук порталы билдиргендей, бул нокаут промоутерлик компаниянын жеңилирээк салмактагы дивизионунда эң ыкчам сокку болгон.

Белгилей кетсек, Кечоейра 2018-жылы уюмдагы биринчи беттешинде кыргызстандык Валентина Шевченко менен күч сынашкан. Шевченко аны беттеш токтогуча канжалата уруп, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен. UFC уюмунун президенти Дана Уайт мушкер кыздарды октагондо тейлеген реферини "беттешти эрте токтоткон жок" деп сындаган.

Муну менен бразилиялык мушкер тогузунчу жеңишин камсыздады. Жалпысынан үч ирет утулган. Ал эми америкалык мушкер үч ирет утуп, төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Тема боюнча

UFC президенти Шевченко менен Кечоейранын беттешин тейлеген калысты сындады
Белгилер:
видео, нокаут, беттешүү, Присцила Кечоейра, Валентина Шевченко, UFC

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ