Дит багып карай албайсың. Футболчу кыз чыгарып алган томугун муштап киргизди. Видео

Жазылуу
Футбол беттеши учурунда футболчу кыз Жейн О"Тул атаандаш командасынын оюнчусу менен кагыша кеткенде чыгып кеткен тизесинин томугун муштап жатып киргизип алган. Бул тууралуу Eurosport жазды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Каарман кыздын "Сент-Миррен" кыз-келиндердин футбол боюнча командасынын капитаны Жейн О"Тул экени анык болду.

Жагымсыз кырдаал "Сент-Миррен" менен "Инвернесс" командаларынын беттешүү учурунда жаралган.

Ар бир эле адам салкын кандуулук менен көрө албаган видео YouTube каналына жарыяланды.

"Биздин капитан  —  күчтүү аялзаты. Аны сындыра албайсыңар, мындай учурда да ал 90 мүнөттүн аягына чейин ойноду", — деп жазган "Сент-Миррен" командасынын өкүлү.

Капитаны кайратынан жазбай аягына чейин ойногону менен "Инвернесске" 0:7 эсебинде утулуп калган.

Футбол учурунда кызыктуу окуялар арбын кездешет. Жакында эле футболчулар жүргөн көк майсанга чуркап чыккан иттин ич жылыткан видеосу жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0