Байкатпай урганда... Бокстагы эң мыкты нокауттун видеосу

Жазылуу
Былтыр америкалык боксчу кубалык Луис Ортисти жетинчи раундда нокаутка кетирип, чемпиондук наамын коргоп калган. Анын бул соккусу мыкты деп табылды.

Америкалык боксчу Деонтей Уайлдердин күчтүү соккусу Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча 2019-жылдын эң мыкты нокауту деп табылды.

Анын рингдеги атаандашын сулата чапкан видео уюмдун Instagram-аккаунтуна жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от World Boxing Council (@wbcboxing)

Бул беттеш 2019-жылы 23-ноябрда болгон. Анда Уайлдер кубалык Луис Ортисти жетинчи раундда нокаутка кетирип, WBC уюмундагы чемпиондук наамын коргоп калган.

Муну менен америкалык боксчу карьерасындагы 41-беттешти нокаут менен камсыздаган. Кийинки мелдеши 22-февралга коюлган. Анда британиялык Тайсон Фьюри менен кез келмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0