Кошкуруп, жандалбастап. Муз алдында калган жылкыларды сактап калган видео

Жазылуу
Муз жарылып кетип, жети жылкы аяздуу суукта чөгө баштаган. Аны бир нече киши бир топ убара болуп жатып, бир катарын өздөрү, бир катарын трактор менен тартып чыккан.

Башкыртстандын Иглинс районунда фермерлер аяздуу суукта муз жарылып, сууга чөгүп бараткан бир нече жылкыны каармандык менен сактап калышты.

Жалал Абадда улакчылардын тарткан торпогу музду жарып сууга түшүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда сууга түшүп кеткен торпокту улакчы жигит музду жарып алып чыкты. Видео
Кишини кайдыгер калтырбаган видеону Сагитзян Идиятуллин тартып алган. Ролик 16-февралда Instagram баракчасына жарыяланган.

Кадрдан сууга түшүп кеткен жылкылардын бир нечеси чөгө баштаганын көрүүгө болот. Адатта жылкы башка жаныбарларга караганда агын суудан аман-эсен өтүп кетет. Бирок бул жер абдан  терең болгондуктан ал жаныбарлардын суунун алдында калып кетүү кооптуулугу бар болчу. Сагитзян жана бир нече киши алгач арканды мойнуна ыргытып, жылкы колго илинген соң тартып чыгарышкан. Анткен менен буларга айдатып келген трактор фермерлерге жакшы жардамчы болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Сагитзян Идиятуллин (@sagitzian)

Кишилердин биринин айтымына караганда, кырсык аба ырайынан улам болгон.

"Жылкылар адат менен музга кирген, себеби анын калыңдыгы жарым метр. Кудайга шүгүр, тезирээк аракет кылып, баарын алып чыгып алдык", — деп жазган ал.

Жылкылар сууда бир нече убакыт туруп калгандыктан, сууда калкып тура албай, чекесинен чөгө баштаган. Ошентсе да бул жаныбар кошкуруп, үркүп, ал тургай башына аркан ыргыттырбай кишилерди бир топ убарага салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0