Өмүрүн сактап калды. Соккудан боксчу менен кошо кулаган калыстын видеосу

Жазылуу
Бангкок (Таиланд) шаарында тай боксу — Muay Hardcore боюнча турнир учурунда кызыктуу окуя болду.

Калыстын видеосу YouTube-каналга жүктөлгөн.

Беттеш учурунда Камбоджа өкүлү Со Соваратхана атаандашы Неймар Паеминбурини нокаут менен жеңген. Рефери Ситтичай Инеяд муштум жеген боксер чалкасынан жыгылып баратканда башы жерге урулбасын деген тейде бир колу менен анын желке жагын тосуп, кошо кулаган.

​Мындан улам спортчу олуттуу жаракат албай, ал рингде эле эсине келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0