Сөөмөйдөй кескелдирикке массаж жасап куткарып калган кишинин видеосу

Жазылуу
Сыра ичип отургандар анын айнек чөмөлөгүнө куюлган ичимдикке түшүп кеткен сөөмөйдөй кескелдирикке жасалма дем алдыруу кылып жатып, өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Ал эми окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Окуя Австралиядагы New South Wales штатында болгон.

11-февраль күнү эркек киши достору менен сыра ичип отуруп, чылым чегүү үчүн сыртка чыгып кеткен. Алар бардын ичине кирип, анын идишине Геккон (кичинекей кескелдириктин бир түрү) түшүп калганын көрүп, бир саамга таңгалып, андан соң жаныбарды куткарууга киришкен.

Жан керек да! Кескелдирик менен кобранын кармашы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жан керек да! Кескелдирик менен кобранын кармашы. Видео
Алгач аны жасалма дем алдырууга аракет жасап, андан соң манжаларынын учу менен өпкө-жүрөк тушуна массаж жасаган.

Кадрдан кишинин бир нече аракетинен кийин алаканындагы чалкасынан жаткан кескелдирик, башын көтөрүп, андан соң кишинин билегин көздөй жөрмөлөп жөнөгөн.

Муну күтпөгөн куткаруучу капыстан болгон аракети оңунан чыкканына кубанып, кудайлап кыйкырып жиберген.

"О, Кудай, тирүү экен, ура!", —деген ал жанындагыларга. Кубанып, толкундангандыгын дароо токтото алган эмес.

Геккон - кичинекей кескелдирик. Куйругу менен дене узундугу болжол менен 4 сантиметрди түзөт. Таштуу жерде жашайт. Кооптуулук жаралган учурда куйругун кесип таштоого жөндөмдүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0