10:02 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин жалпы жыйынында эл ичинде кыргыз тилинин нормасы сакталбай жатканын айтып, чара көрүү керектигин билдирди.

Эл өкүлү ушул маселе менен ага кыргыздын сөз баккан адамдары, илимдин докторлору кайрылганын белгиледи.

"Жети дубандын эли жети тилде сүйлөй баштады деп жатышат. Биз кийинки муунга кыргыз улуту бар деп айтыш үчүн тилибизди сакташыбыз керек. Аны үчүн биринчи кезекте Жогорку Кеңештин улуу трибунасынан баарыбыз бир тилде сүйлөсөк. Жети дубандан келген адистерби, жетекчилерби, ар кимиси өзүнүн тилинде сүйлөй баштаса акырындан барып тилге чоң зыянын тийгизет. Мына бүгүн билинип жатат, керек болсо учурашканды билбейбиз", — деди Нышанов.

Ошондой эле учурда улуттук телевидение жана радионун алып баруучулары да адабий тилдин нормаларын бузуп сүйлөп жатканын кошумчалады.

"Ушунун баарын эске алып мыйзам чегинде бардык кыргызстандыктар коомдук жайларда, жумушта жана жыйындарда бир тилде сүйлөй тургандай кылсак. Үйүндө диалектиде сүйлөй берсин. Бүгүн баштабасак кийин кеч болуп калат", — деди Нышанов.

Депутат дал ушундай билдирүүлөр менен коңгуроо кагылып жатканын белгилеп өттү.

Тема боюнча

2023-жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргызча эркин сүйлөшү керек. Жаңы талап
Белгилер:
кыргыз тили, диалект, Сайдулла Нышанов

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ