Сирия: АКШ аскерлери менен жергиликтүү элдин чатагы видеого түшүп калды

Жазылуу
Буга чейин Камышлы шаарында колоннадан калып калган АКШ аскерлеринин автоунааларын токтотуп, жергиликтүү тургундар алар менен чатакташа кеткен. Аскерлер ок чыгарып, жыйынтыгында 14 жаштагы бала каза болгон.

RT Arabic телеканалы, Kurdistan24 жана SANA агенттиктери Сириянын Камышлы шаарындагы АКШ аскерлери менен жергиликтүү тургундардын кагылышы боюнча видеолорду жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Камышлы шаарында колоннадан калып калган АКШ аскерлеринин автоунааларын токтотуп, жергиликтүү тургундар алар менен чатакташа кеткен. Аскерлер ок чыгарып, жыйынтыгында 14 жаштагы бала каза болгон. Жаңжалды Россия аскерлеринин ортого түшүүсү гана токтото алган.

Kurdistan24 агенттигинин видеосунда окуя болгон жерден АКШ аскерлери кетип бара жаткан учурун көрүүгө болот. Анда тургундар ок өтпөс унаага таш ыртыгып жаткан кадрлар бар. Асманда болжолдуу АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүкү делген учак учуп жүрөт.

SANA жарыялаган кадрларда колуна Американын тоголоктолгон туусун кармап алган жергиликтүү тургундун аскерлер менен урушуп жатканы көрүнүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0