Бакка чыга качып, көпкө отурду. Арстандан араң кутулган кабыландын видеосу

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер паркында арстандын азуусунан качып кутулган кабыландын видеосу тарады.

Окуянын кандай болгону 24 жаштагы Валентин Лавистин YouTube каналына жарыяланды.

"Кабылан капыстан жем болуп каларын байкабай топурактуу дөңсөөдө дал арстандын алдында бир нече убакка чейин турду. Комдонуп жаткан "жоону" көргөн соң артын карабай качты. Эгерде бир аз эле кечирээк көргөндө жем болуп калат эле", — деп жазган видеонун автору.

Коркуп калган кабылан обочодогу бакка кантип чыга качканын билбей калды. Турист анын бутакта отурган видеосун тартып алган. Кабыландын көздөрү алайып, жерди тиктеп, арстанды издеп жатканын байкоого болот. Лавистин айтымында, жырткыч бактан түшпөй бир далайга чейин отурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0