Айланып туруп жаакка тепти! Шевченко катышкан турнирдин укмуштуу ирмемдери

Жазылуу
Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) АКШнын Хьюстон шаарында өткөн турнирдин эң мыкты учурларынын видеосун жарыялады.

Боец из Кыргызстана Валентина Шевченко после победы над Кэтлин Чукагян из США на UFC 247 в Хьюстоне. 8 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Шевченко чемпиондугун коргоо боюнча Нурмагомедовдон ашып кетти
Ролик UFC Russia уюмунун YouTube-каналына жарыяланды. Анда мушкерлердин бүйүр кызыткан нокауттары көрсөтүлгөн.

Турнирдин алкагында эки чемпион наамын коргоду. Аралаш мушташта утулуп көрбөгөн Доминик Рейес уюмдун орточо оор салмак (93 кг) боюнча чемпиону Жон Жонстун курун тартып алганга аракет кылды. Ал эми америкалык Кэтлин Чукагян кыргызстандык Валентина Шевченкодон чемпиондукту талашты. Бирок кыргызстандык спортчу үчүнчү раундда Чукагянды техникалык нокаут менен жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0