Гол артынан гол. Путин менен Лукашенконун хоккей ойногон видеосу

Жазылуу
Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Белоруссиянын лидери Александр Лукашенко Сочидеги жолугушууда хоккей ойношту.

Видео РИА Новостиге жарыяланды.

Эки лидер тең "Белых" командасынын намысын коргогон. Лукашенко биринчи номерде, Путин команданын капитаны катары 11-номерде ойногон. Ошондой эле мелдешке Белоруссия президентинин баласы Николай дагы катышкан.

Натыйжада Путин менен Лукашенконун командасы 13:4 эсебинде жеңүүчү болушкан. Оюндан кийин президенттер кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрүн улантышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0