16:48 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Видео

Бокоев жыйынга аз депутат келгени үчүн Абылгазиевди айыптады. Видео

Кыскача шилтеме алуу
574 0 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүнкү жыйынга аз сандагы депутаттардын келишин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кадыр-баркы менен байланыштырды.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары Эркин Асрандиевдин вице-премьер, Замирбек Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин карады. Аларды парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырган.

Бокоевдин айтымында, көп депутаттардын жыйынга катышпай жатканы өкмөттүн деңгээли түшүп кеткенинен кабар берет.

"Бүгүн парламентке премьер-министр келип жатат, карасак 30га жетпеген депутат отурат. Бул өкмөттүн деңгээли да. Сиз келгенде бул жерде 120 депутаттын 100ү отуруп, суроолорун бериш керек эле да. Ушул көрсөткүчтү карасаңыз болот. Өкмөттүн жоопкерчилигин жогорулаткыла. Кечээ комитетте сурасам "отставкага кеткенге убагы келе элек" дедиңиз, тескерисинче, убактысы өтүп кетти. Эки жылда 15 министр, бир вице-премьер алмашып, өкмөт толугу менен отставкага кетүүгө ылайыкталып калды. "Я начальник, ты дурак" дегендей болуп баарын кетирип өзүңүз отура бергениңиз туура эмес", — деп өкмөт башчыга кайрылды Бокоев.

Андан соң Абылгазиев Жогорку Кеңешти тейлегенге укугу жок экенин айтып, "кызыккандар келип катышат, регламентти өзүңүздөр билесиздер да" деп жооп берди. Премьер депутаттардын каалоо-тилек айтып колдоп жатканын өкмөткө берилген баа деп эсептерин кошумчалады. Анан Бокоевге кайрылып, "андан көрө сиз колдоп берсеңиз (сунушталган талапкерлерди), суранабыз" деп сөзүн жыйынтыктады.

Тема боюнча

Парламентте биринчи тыныгуудан кийин 10 чакты эле депутат калды. Видео
Тойдун эртесиби?.. ЖКнын бүгүнкү жыйынында 30га жетпеген депутат отурат. Видео
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт, депутат, Кенжебек Бокоев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ