Шевченконун кезектеги беттешине карата презентациялык видео жарыяланды

Жазылуу
UFC уюму өзүнүн YouTube каналына кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагяндын кезектеги беттешине карата презентациялык видеосун жарыялады.
"Аралаш мушташ жөн гана жашоомдун бир бөлүгү эмес, мен азыр муну менен жашайм", — деди Шевченко.

Мындан сырткары, видеодо кыргызстандык чемпиондун машыгуулары жана буга чейинки беттештеринин кызыктуу ирмемдери тартууланган.

"UFC чемпиону болуш үчүн көп нерсе талап кылынат: мыкты боксчу болуу, бут менен айланып тебүү, партерде атаандаштын буту-колун кайруу жана муунтуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүү шарт. Жалпысынан айтканда ар тараптуу мушкер болуш керек", — деп белгилеген Шевченко.

Бишкек убактысы боюнча 8-февралдан 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөт. Ал жакта кыргызстандык спортчу америкалык Кэтлин Чукагян менен октагонго чыгып, чемпиондук титулун үчүнчү ирет коргомокчу.

Шевченко 2019-жылдын августунда америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп алган. Биринчи жолку чемпиондук титулун коргоодо америкалык Жессика Айды техникалык нокаут менен жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0