23:27 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922

Жакында эле интернет айдыңын калың көрүүчүлөрдү каратып коюп, муз үстүндө бири-бири менен жапырт мушташкан хоккейчилердин видеосу аралады. Эки оюнчунун чатагы чагылгандай тездик менен тарап, массалык урушка айланган.

Окуянын эмнеден башталганын SPORTSNET өзүнүн YouTube каналында ийне-жибине чейин көрсөтүп берди.

Calgary Flames дарбазачысы Кэм Тальбо Edmonton Oilers голкипери Майк Смит менен НХЛ чемпионатындагы беттеште мушташа кеткен.

Уруш оюндун экинчи бөлүгүнүн аягында болгон. Алгач Тальбо атаандаш команданын форварды Сэм Ганье, андан соң Смит менен чапчылашкан. Мындай көрүнүш карап турган башкалардын канын кайнаткан.

Кадрдан чоң эле кишилердин муз үстүндө тайгаланып жыгылса да кайра тура калып, тура албагандары жаткан тейде бири-бирин койгулап жатканын көрүүгө болот. Ал эми дарбазачылардын урушу бир чети жылмаюу тартуулады. Бири атаандаш командадагы кесиптешин кийиминин калыңдыгынан улам муштай албай жаткандыгын, дагы бири башындагы каскасын чече сала, клюшкаларын ыргытып жиберип "майдан талаасына" чыкканы тартылып калган.

Ал эми калыстардын айыгышып, жедеп көгөрүп алышкан хоккейчилерди ажырата албай жатканын да көрүүгө болот.

Бийиктиктен тартылган кадрлардан дарбазанын жанында клюшкалар менен коргоочу баш кийимдердин кароосуз чачылып жатканын көрө аласыз.

Twitter тармагында отурган күйөрмандар алардын ичиндеги жин сыртка атырылып чыкты деген маанайдагы комментарийлерди калтырган.

"Кыязы, бул окуя быйылкы жылдын мен көргөн эң ири мушташы болду" деген пикирлер арбын калтырылган.

Ызы-чуулуу матч 8:3 эсебинде Edmonton Oilers  командасынын жеңиши менен аяктаган.

Тема боюнча

Тогуз тишинен ажыраптыр. Америкалык хоккейчинин кан түкүргөн видеосу
Хоккейчинин тамагын кесип кете жаздады. Оюн учурдагы кооптуу ирмем
Кытайлык хоккейчилер музда жапырт мушташа кетишти. Видео
Белгилер:
хоккей, уруш, муз, калыс, жеңиш

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ