31 манжасы бар индиялык аял Гиннеске талапкер болууда. Видео

Жазылуу
Кумари аттуу аялдын оорусу тубаса. Үй-бүлөсү акча тартыштыгынан улам аны доктурга жакшылап көрсөтө алган эмес.

Индиянын жашоочусу Кумари Наяктын буту-колунда 31 манжасы бар. Ал Гиннестин рекорддор китебине талапкер болуп жатканын "Рен ТВ" телеканалы жазды.

Улактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үрөй учурат! Индияда киши кебетелүү улак туулду. Видео
63 жаштагы аялдын колунда 12, ал эми бутунда 19 манжасы бар. Коңшулары аны "жез кемпир" деп атап алышкан. Ал расмий рекорд коё алары айтылат. Учурдагы рекордду ээлеп турган адамдын 28 манжасы бар.

Кумаринин оорусу тубаса. Үй-бүлөсү акча тартыштыгынан улам доктурга көрсөткөн эмес.

Өзүнүн айтымында, коңшуларынын бөлүп-жаруусунан эшикке да көп чыкпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0