Жергиликтүү эл өлгөн жаныбарларды алып келет. Кочкордогу өзгөчө музейдин видеосу

Жазылуу
Дөң-Алыш айылындагы мектептин мугалими Нукан Көкөбаев жансыз жаныбарлардан мектеп музейи үчүн экспонаттарды жасайт. Азыр алардын саны 300гө жетти.

Кочкор районунун жашоочулары эгерде өзгөчө жаныбардын өлүгүн таап алса, аны айылдагы мектептин биология мугалими Нукан Көкөбаевге алып келип беришет. Алардан агай мектеп музейи үчүн экспонаттарды жасайт. Бул ишти анын атасы Көкөбай Мамбеталиев баштап кеткен.

"Музей үчүн жаныбарларды атайылап өлтүргөн жокпуз. Башкалар өлүп калган кызыктуу, сейрек кездешкен жаныбарларды көрсө, ар дайым алып келип беришет. Атам курт-кумурскалар менен өсүмдүктөрдү да чогулткан. Анан мектептеги кабинетинде акырындап музей ачкан. Мунун баарын билим берген окуучулары үчүн кызыктуу болсун деген максатта жасаган", — деди Нукан Көкөбаев.

Бул жердеги эң баалуу артефакт — илбирстин кеби. Ал үчүн Нукан агай жана анын уулу көп тер төгүп эмгектенген.

Кочкордогу Дөң-Алыш айылынын баяны - Sputnik Кыргызстан
Фрунзедеги батирден баш тарткан мугалим. Кочкордогу Дөң-Алыш айылынын баяны
"Илбирс таманын жабыркатып алгандыктан, тирүү кезинде реабилитация борборунда жашаган. Өлгөндөн кийин уулум барып алып келди. Документ иштерин толтуруу ашыкча машакаттуу иш болгондуктан, өлгөн илбирсти 10 күнгө чейин ала алган жокпуз! Уулум аткаминерлердин эшигин жыртып, алар менен талашып-тартышып жүргүчө, жаныбардын териси бузула баштаптыр. Чиновниктердин бири териси жыдып кетсе аны өрттөп саларын айтканда уулум аз жерден ыйлап жибере жаздаган. Кудайга шүгүр, ал илбирсти сурап алганга жетишти", — деп эстеди агай.

Ал ошондой эле экспонаттарды сактоо өтө кыйын экендигин айтып, бул жандыктардын душманы — күбө. Ошондуктан буларды дайыма тазалап, дарылап туруу шарт. Бул жердеги экспонаттардын алды 60-70 жылдан бери турат деди.

Анткен менен азыр Дөң-Алышка келген конок биринчи иретте ушул жайга баш багат.

Жаңылыктар түрмөгү
0