Жумушчулар иштеп жаткан... Санкт-Петербургда стадион урады. Видео

Жазылуу
Кырсыктан бир адам каза болду. Жумушчунун сөөгүн уранды алдынан алып чыгышкан. Кырсык болгон жердеги издөө-куткаруу иштери аяктады.

Ruptly агенттиги Санкт-Петербургдагы "Петербург" спорттук-концерттик комплексинин ураган видеосун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Видеодо көрүнүп тургандай, стадион толугу менен урап, имараттын бир бөлүгү эле калган.

78.ru порталы дагы урап калган стадиондун видеосун жарыялады. Анда талкаланып жаткан имаратты, асман каптаган чаңды көрүүгө болот. Чаңдан жол көрүнбөй, айдоочуларга тоскоолдуктар жаралган.

Спорттук имарат демонтаж жүрүп жаткан учурда ураган. Андан стадиондун дубалдарынын сексен пайызы талкаланып, чатырынын 25-28 чарчы метри сынган.

"Кырсыктан бир адам каза болду. Жумушчунун сөөгүн уранды алдынан алып чыгышкан. Кырсык болгон жердеги издөө-куткаруу иштери аяктады", — деп жазылат маалыматта.

Санкт-Петербургдун бийлиги жана "СКА-Арена" ЖЧКсы январдын ортосунда "Петербургский" стадионун реконструкция жана эксплуатация кылуу боюнча келишим түзүшкөн.

2023-жылы өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатка карата 20 миң көрүүчү бата турган заманбап муз аянтын куруу пландалууда. Ал эми бул жерге тематикалык спорттук парк салынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0