Ургаачы кабылан ал үчүн кармашкан эки эркек жырткычты кууп жиберген видео

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Мала-Мала коругунда экскурсовод ургаачы кабыландын ал үчүн кармашкан эки эркек үйүрлөшүн кууп жибергенин тартып алган.

Видео Kruger Sightings YouTube каналына жарыяланган.

Анда эки эркек кабылан тирешип туруп, андан соң кармаша кеткен. Алардын салгылашын байкап калган ургаачысынын айланага шашпай көз чаптырып жатканын көрүүгө болот.

Кийинки кадрда күрүлдөп, тытыша кармашып жаткан эки жырткычка жакын келип, жыттап көргөн. Андан соң алардын дал үстүнө секирип, чапчып өткөндө экөө качып жөнөгөн.

"Бул парктын кызматкерлери жана келген туристтер көргөн сейрек окуя болду. Буктурмада өмүр бою отуруп мындай нерсеге күбө болуш кыйын", — деп жазган видеонун автору.

Буга чейин интернетке кабылан менен жыландын кармашкан видеосу тараган. Анда жырткыч душманынын башын жара чайнап салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0