Үчөөлөп кетти! Буйвол менен арстандардын айыгышкан кармашынын видеосу

Жазылуу
Канчалык күчтүү болгону менен жалгыз калган буйволго арстандар алгач даабай туруп, андан соң көптөп кетти. Жашоо үчүн күрөшкөн бул ирмемдер интернет айдыңына тарады.

Аны Maasai Sightings YouTube каналынан көрүүгө болот.

Видео Түштүк Африкадагы атактуу Крюгер жаратылыш паркынан ушул жылдын 25-январында тартып алынган.

Власть молодым! Видео жестокой схватки старого льва с двумя соперниками - Sputnik Кыргызстан
Бийлик жаштарга! Эки арстандын айыгышкан кармашынын видеосу
Алгач арстан аксак буйволго келип анын кабак-кашын байкап көргөн. Коркунуч жакындап келе жатканын сезген жаныбар мүйүзү менен челип салчудай беркилерге тап берип, коргонууга өткөн.

Мындай каршылыкты күтпөгөн жырткыч таштын үстүнө секирип чыга качкан.

Бир нече мүнөттөн кийин дагы эки арстандын жакындап келгендигин көрүүгө болот. Жарадар жаныбар бир нече убакыт бою үчөөнү жанына жакындатпай турган...

Видео окуя болгон жерден бир нече метр аралыктан тартылган. Жонуна чап жабышкан арстандардын ачуу тырмагы менен тишинин уусу өтүп кеткен буйволдун жаны ачый, өкүрүп, мөөрөп жатканын угууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0