Виски жана мөөнөтү өткөн дарыларды ташыгандар кармалды. Финполдун видеосу

Жазылуу
Аткезчилик жол менен Кыргызстанга спирт ичимдиктери жана мөөнөтү өткөн дары-дармек алып келе жаткандар кармалды. Казакстан менен чектешкен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү (Финпол) кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 17-январда чек арадан чиркегич сүйрөгөн жүк ташуучу унаа текшерилген. Документинде ичине кондитердик азыктар, тамак-ашка кошкон чөп-чарлар жана дөңгөлөк жүктөлгөнү жазылган.

Мухаммедкалый Абылгазиев представил коллективу Минобрнауки нового министра Каныбека Исакова - Sputnik Кыргызстан
20 миң сомго ким иштейт? Аткезчилик менен күрөшүү боюнча Абылгазиевдин пикири
Бирок тинте келгенде арт жагынан акциздик маркасы Казакстанга таандык элиталык ичимдик деп (виски, пиво, коньяк, арак, вино) эсептелген продукциялар табылган. Мындан сырткары, мөөнөтү өтүп кеткен шектүү дарылар, отоо чөптөрдү жок кылуучу химикаттар жана башка уруксат кагазы жок товарлар чыкканы айтылат.

Аталган факт каттоого алынып, машина айып короого киргизилди.

Тергөө кызматы экономикалык кылмышка тиешеси барларды териштирип, чыгымдарын эсептеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0