Бишкектеги үйлөрдүн биринен баңгизат жасаган лаборатория табылды. Видео

Жазылуу
Укук коргоо органдарына түшкөн ыкчам маалымат боюнча, 273-берене менен соттук өндүрүш ачылып, тинтүү жүргүзүлгөн.

Борбор калаада баңгизат жасап жаткан лаборатория табылганын Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

273-берене ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") боюнча ачылган соттук өндүрүштүн алкагында 21-январь күнү атайын тергөө иштерин жүргүзүшкөн.

"Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы жана Криминалдык милициянын кызматкерлери Алтымышов көчөсүндөгү жеке менчик үйлөрдүн биринде кара куурай жана галлюциногендик козу карынды өстүрүп жаткан лабораторияны аныктады. Бардык каражаттар жана өсүмүктөр алынды. Баңгизат каражаттарынын жалпы салмагы 438,07 килограммды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0