Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо

Жазылуу
Миңден ашуун улакчы бир талаага топтолуп элдин бүйүрүн кызытты. Чоң байгелер коюлгандыктан кан кайнап, аргымактар көбүк бүркүп кыл чайнашкан мелдеш болду.

Ишемби, 25-январда, Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү. Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген. Эрендер таптаган атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты. Алар 50 килограммдык торпок тартышты. Бир торпок оюндун орто ченине жеткенде экиге бөлүнүп калып, башкасына алмаштырылды.

Мындай болорун билип атайын экинчисин даярдап коюшкан.

Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Баш байге талашка түштү

Состоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района - Sputnik Кыргызстан
Кайнаган кара таандай. Кара-Суудагы аламан улактын асмандан көрүнүшү. Фотофакт
Оюндун аягында башкы байгелер коюлуп жаткан. Мына-мына батир ойнотулат деп турганда Байыш Ниязов улакты жулуп чыгып ортодогу марага таштаган. Андан соң Акжол Кылычбек уулу эңип алып трибунанын алдындагы марага таштады. Мындан улам Ниязовго автоунаа, Кылычбек уулуна батир берилмей болгон. Бирок буга Ниязов нааразы болуп чыкты. Себеби ал машина эмес, батир ойнотулуп баштаганда салым жасаганын жүйө келтирген. "Демек кийинки салым эсепке алынбашы керек болчу" деп ортодо талаш жаралды. Акыры той ээси жана калыстар кеңешип, баш байгени экөөнө бөлүп берүүнү чечти.

Байгени тең бөлүшмөй болгон Акжол Кылычбек уулу 26 жашта. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын кулуну. Ал батирге чейин байгеге эки төө, тай алган болчу.

Байыш Ниязов Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. "Достук" көк бөрү командасынын капитаны болуп жүргөн. Ал ушул эле оюндан бир автоунаа дагы утуп алды.

Ал эми Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу лимузин автоунаасына ээ болду.

Мындай ири аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрдү. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берди.

Оюндун эрежеси

 Игрок сборной Кыргызстана по кок бору Манас Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Манас Ниязов 120 кг. торпокту эңип, баш байгени утуп алды. Видео
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы, алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0