Чоң эле кишинин кылыгы. Учакты кондуруп жатып көзү көрбөй калган пилоттун видеосу

Жазылуу
АКШда учкуч аба лайнерин кондуруп жатканда жерден аны көздөй атайын чагылтылган лазердин нурунан улам көзү көрбөй калган. Бул туурасында Independent жазды.

Окуя 22-январда Флорида штатында Сарасота-Брадентон аба майданында болгон. Аба кемесинин командиринин айтымында, нур анын көзүнө тике тийген. Анткен менен пилот учакты аман-эсен кондурган. Бирок конгондон кийин деле бир топко чейин көзү тунук көрбөй калган.

Пилот катапультировался за несколько секунд до крушения F-16 — видео - Sputnik Кыргызстан
Өмүрдү сактап калган бир ирмем! Учкуч секирип кетүүгө жетишкен видео
Окуянын кандай болгону YouTube каналына жарыяланган.

Кадрдан аэропорттун аймагында жалгыз турган адам лазер нурун пилотту көздөй багыттап, ал кылыгынан соң колунан кандайдыр бир буюм алып чыгып, учакты көздөй ыргытканын көрүүгө болот.

Тартип сактоочулар, коопсуздук кызматы мындай чектен ашкан кадамды ким жасагандыгын аныктаган. 41 жаштагы Чарли Жеймс Чепменди кармаганда анын чөнтөгүнөн лазердик аппарат табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0