Түркиядагы зилзала: келме келтирген, үйдөн, эфирден качып чыккан элдин видеосу

Жазылуу
24-январдын кечинде Түркиянын чыгышында жайгашкан Малатья жана Элазыг провинцияларында жер силкинип, соңку маалыматтарда 20 киши көз жумду. Ал эми жарадарлардын саны 1000ден ашты.

Кырсыктын ар кыл жерден топтоштурулган видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Последствия землетрясения в турецком Элязыге - Sputnik Кыргызстан
Түркия министри: жер титирөөдөн 30га жакын жараныбыз уранды алдында калууда
Видеодон жер силкингенде үйдө отургандар келме келтирип жатканы, коомдук тамактануу жайларда тамак ичип жаткандар көчөгө чуркап чыкканын көрүүгө болот. Андан сырткары, телеканалдын түз эфириндеги музыканттар да түйшөлүп, эшикке багыт алган. Ал эми конок катары келген киши кыйын кырдаалда ыр окуп жиберген.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган абалга көз салып, кырсыктын кесепетин жоюу үчүн болгон аракеттер жумшаларын билдирген.

Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык болгон жерлерде 483 команда иштеп, элге материалдык жардам жеткирилүүдө. Аталган аймактагы мобилдик операторлор байланыш кызматын бекер көрсөтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0