АКШ эми космосто согушмакчы. Россия кандай жооп берет

Жазылуу
АКШда президент Дональд Трамптын буйругу менен аскерлердин жаңы түрү түзүлдү. Алар Американын кызыкчылыгын космосто коргошот.

Кошмо Штаттарда түзүлгөн космостук аскерлердин курамында 200 гана кызматкер бар. Бирок аны камсыздоого АКШнын 2020-жылкы бюджетинде 40 миллион доллар каралган.

Мынчалык көп каражаттын кетишин АКШнын атайын кызматтары Россия жана Кытай тараптан болуп жаткан коркунучтан сактануу айласы катары түшүндүрдү.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг космосту мындай жаатта пайдалануу аракетине сыймыктанып жатканын жашырган жок.

"Космосту аба, кургактык, деңиз жана кибер мейкиндик менен катар ыкчам тармак катары таанышыма сыймыктанам. Космос биздин күнүмдүк турмушубуздун бир бөлүгү", — деди Столтенберг.

Бул учурда дүйнө коомчулугун бири-бирине болгон ишенимди белгилөөгө чакырып, Москва АКШнын мындай кадамына сөзсүз жооп болорун билдирди.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Иран депутаты Трамптын башы үчүн 3 млн. доллар сунуштады
"Россия ар дайым космосту аскерлештирүүгө каршы чыгып келген. Бирок ошол эле учурда болуп жаткан жагдайлар бизден дыкат көңүл бурууну талап кылып жатат. Бул орбиталык күч топтоону бекемдеп, жалпы ракета-космос жаатын күчтөндүрөбүз", — деди Россиянын президенти Владимир Путин.

Маалыматка караганда, Россиянын заманбап радиолокациялык станциялары душмандык аскердик спутниктерин зыянсыздандырып коё алат. Абадан коргонуу системалары дагы күчтүү. Андыктан АКШнын космостон үстөмдүк көрсөтөрү боюнча кеп кылууга эрте экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0