Вице-спикер Бакиров: жашоого нааразы болгондорду Памирге жөнөтүү керек. Видео

Жазылуу
Вице-спикер парламенттин жалпы жыйынында Мирлан Бакиров Кыргызстандагы жашоого нааразы болгондорду Памирге жөнөтүү керектигин билдирди. Муну менен алардын көз карашы өзгөрөт деп эсептейт.

Бакиров 2012-жылдан тарта Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга экспедиция жасалып, алардын ата мекенине көчүрүлүп келиши кыргыз эли кандай оор учур болбосун жардамга кол суна аларын көргөзгөнүнө токтолду.

"Ал жерде жашоонун оордугу тарых барактарында жазылган. 12-кылымдан бери байырлап, 900-1000 жыл жашап келгени айтылат. Азыр Кыргызстандагы реалдуу турмушка нааразы болгондорду Памирге бир жумага жолдомо берип жөнөтүш керек. Ошол жерде кандай оор турмуштун баштан кечирип жатканын жон териси менен сезип келсе, мүмкүн жашоого көз карашы өзгөрөр", — деди вице-спикер.

Мындан сырткары, ал памирлик кыргыздарды алып келгенден кийин күрөөсү жок насыя берип, мал-жандыгы менен камсыз калуу программасын иштеп чыгып жардам берүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0