Жаалданган пил автоунааны артка сүрүп, капотун жулуп алган. Видео

Жазылуу
Жинденген пил айдоочунун шаштысын кетирип, ал тургай жүк ташуучу автоунааны артты көздөй жылдыртып, кетенчиктеп качууга аргасыз кылган.

Окуя Индиянын түштүгүндөгү Найжерхоу деп аталган улуттук парктын аймагында болгон. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Айдоочунун жүрөгүн түшүргөн окуя 2020-жылдын 15-январында болгон. Жапайы жаныбар капыстан эле жолдо кетип бара жаткан жүк ташыган унааны көргөндө аны көздөй чуркаган. Жагдайды аңдаган айдоочу артты көздөй берип, качканга аракет кылган.

Пилдин үйүрү жолун тоскон унаалардын бырын-чырынын чыгарып салды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Пилдин үйүрү жолун тоскон унаалардын бырын-чырынын чыгарып салды. Видео
Кадрдан анын шашкалактап айдап, аны менен катар эле эшикти ачып алып, артты улам карап жаткандыгын көрүүгө болот.

Бир нече ирмемдерден кийин жолдо күү менен келе жаткан пил автоунаанын маңдайына туруп алып, азуу сөөктөрү менен капотту чалып жатканы көрүнүп турат.

Айдоочу жана бир нече эркектер дүрбөлөңгө түшүп, "Эй" деп кыйкыргандан башка айласы калган эмес.

Ачуусун таратып алдыбы, айтор, пил кол салуусун токтотуп саамга турат да, андан кийин жолдун башка тарабына басып кеткен.

Жаалданган пилдин азуусуна айдоочу жана берки кишилер кабылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0