"Унаанын" директору бир кызматты 2000 долларга сатканбы? Чуунун чоо-жайы видеодо

Жазылуу
Мындан бир жыл мурун жемкордуктун тамырын кыркуу максатында негизделген "Унаа" мамлекеттик ишканасынан кайра эле коррупциянын карааны көрүндү. Алдыда ушул жагдайдын чоо-жайын териштиребиз.

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) "Унаа" ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев кол алдындагы кызматкерлерге кресло саткан деп шек санап жатат. Бул боюнча жумуштан алынган кызматкерлер Каттоо кызматына арызданган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы "жумуштан мыйзамсыз алындым" дегендердин айрымдары менен байланышып, пикирин укту. Алар эч бир себепсиз эле өткөн жылдын сентябрь айында эмгек келишими узартылбай калганын айтууда. Арыздангандар ишкананын ар аймагындагы бөлүмдөрүндө иштешчү.

"Жыл сайын түзүлчү эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөндүктөн бизди Бишкекке аңгемелешүүгө чакырышты. Дем алыш күн болчу, кирсек "Унаанын" директору эки орун басары менен отуруптур. "Келишимиңизди узартпайбыз, кете бериңиз" деп, башка себебин түшүндүргөн жок. Жетекчилик мындай кадамы менен мыйзамды одоно бузду. Бул боюнча мамлекеттик укук коргоо органдарына да кайрылганбыз, жыйынтыгынан дайын жок", — деп айтышат мурдагы кызматкерлер.

Алар аты-жөнүн ачык айтуудан чочуладыбы, айтор, сайтка жарыялабоону суранышты.

Бир кызмат 2000 долларга бааланганбы?

Бул жагдайды иликтөө үчүн Мамкаттоодон атайын комиссия түзүлүп, өткөн жылдын 12-сентябрында төмөндөгүдөй корутунду чыгарган...

Коррупция бар! Айдоочулук күбөлүк берген аткаминер агынан жарылганда. Видео - Sputnik Кыргызстан
Коррупция бар! Айдоочулук күбөлүк берген аткаминер агынан жарылганда. Видео
"2019-жылдын 1-сентябрында, дем алыш (жекшемби) күнү, "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев, орун басарлары - Самат Насирдинов, Усеин Касымалиев аймактык бөлүмдөрдүн 47 кызматкери менен аңгемелешүү өткөргөн. Ал эми 2-сентябрда борбордук аппараттын 5 кызматкерин маектешүүгө чакырган.

Козубаев 28-августта эле "52 кызматкердин эмгек келишими бузулсун" деп буйрук чыгарган. Анан эмне максатты көздөп, аларды кайрадан аңгемелешүүгө чакырганы белгисиз. Буга кажет жок болчу. Мындай көрүнүш жең ичинен сүйлөшкөн коррупциялык иштен кабар берет. "Унаанын" кызматкерлеринин айтымында, жетекчи бир адамдан 2000 доллар сураган.

Ошентип "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев мыйзамды бузуу менен эч кандай конкурс жарыялабай туруп, мурда кетирилген 44 кызматкерди 3-сентябрда кайра жумушка койгон. Сегизи кабыл алынган эмес. Ал күнү дагы жети кызматкердин эмгек келишими бузулуп, бирок эки күндөн кийин бешөөнү кайра жумушка алган.

Мыйзам боюнча Козубаев кызматкерлер менен аңгемелешүү өткөрүп, кызматтан албай эле жөн гана эмгек келишимин узартышы керек болчу.

Жогоруда аталган фактылар коррупциялык элемент бар экенин көрсөтүп турат".

МКК жетекчилеринин көздөгөнү башкабы?

Ал эми "Унаанын" директору Алымжан Козубаев мындай корутунду менен такыр макул эмес. Ал иликтөөнү сабатсыз адамдар жүргүзгөн деп эсептейт.

"Мен тараптан бир дагы мыйзам бузуу болгон эмес. Корутундуда эч кандай факты жок. Муну сабатсыз кызматкерлер чыгарып жатпайбы. Жада калса иликтөөгө Мамлекеттик каттоо кызматынын юристи катышкан эмес. Мен бул боюнча сотко берип, кайра чакыртып алдым. Анткени МКК мыйзамсыз корутунду чыгарганын мойнуна алды", — деди Козубаев.

Ошондой эле ал кызматкерлерди биринчи жумуштан алып, кайра жаңы буйрук менен дайындоо мыйзамдуу көрүнүш экенин айтты. Иликтөөдө "жөн гана эмгек келишимин узартуу керек" деп жазылган жүйөнү четке кагууда.

Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видеоо - Sputnik Кыргызстан
Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видео
"Жумуш күнү кызматкерлер кетип калса, иши үзгүлтүккө учурабасын деп атайын дем алыш күнгө чакыргам. Аңгемелешүү өткөргөн эмесмин. Алар жаңы түзүлгөн эмгек келишимине кол коюп гана кетишкен. Болгону жумуштан алынгандар кабинетиме кирип алганда жагдайды түшүндүргөм. Бул чуунун төркүнү башка жакта, мурда бул жерден анча-мынча тыйын алып жүргөн кээ бир адамдар мен келгенден кийин ала албай калды. Токтотуп салдым", — деди "Унаанын" директору.

Козубаев МККнын жетекчилиги буга чейин коррупцияга аралашканын ачык эле айтууда.

"Биздин төраганын Айнура Туйбаева деген орун басары бар. Ал баарын чогултуп менин үстүмдөн арыз алып жүрөт. Менин барбаган жерим калбады, ар жерге ушундай түшүнүк берип жүрөм. Алардын максаты башка... Мага бул жагы Сүлүктүдөн Жумгалга чейин келип, "рахмат сизге, урматтуу директор, бизден акча чогултпай калдыңыз" деп айтып кетип жатышат. Ошол жакта жатат төркүнү", — деп жетекчилигин айыптады.

Далилдүү фактылар бар...

Деген менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтык иликтөөдө далилдүү фактылар чыкканын белгилеп, бул боюнча үч иш козголгонун билдирди.

"Акча сурап жатат, жумуштан кетирип-дайындоодо өзүм билемдикке салууда" деген таризде мага бир-экөөнөн арыз түшкөн. "Айдоочулук күбөлүк дефицит болуп турганда сатылып жатат" деген да маалымат берилген. Биз мунун баарын иликтеп чыгып, материалдар Коопсуздук кеңешине берилди. Жакынкы арада бир чечим чыгарат деп ойлойм. Төрага жеке кастыгынан улам жасап жатат дебесин деп атайын Коопсуздук кеңешине жөнөттүк. Ал жактагы коррупциялык элементтердин баарын жазып бердик", — деди Мамбетов.

Ошондой эле ал МККнын структурасында эң эле ызы-чуу болуп аткан "Унаа" ишканасы экенин белгилеп, бирок директорун кызматтан алууга укугу жок экенин билдирди.

Короодогу эшектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди чуу түшүргөн эшек бизнесинин артында ким турат? Иликтөө
"Албетте, көп нерсе жетекчиден көз каранды. Козубаев боюнча мен премьер-министрге да айткам. Жакынкы арада бир тыянак чыгарат деп ойлойм. "Унаанын" жетекчиси өкмөт башчынын буйругу менен кызматка коюлуп, отставкага кетет. Ошол үчүн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ага сөгүш бере алган жокпуз. Эгер укугум болсо иликтөө чыгары менен дароо кызматтан алмакмын. Ал эми эки орун басарына болсо катуу сөгүш бергенбиз. Ошол жердеги кадр кызматынын жетекчиси менен юристин жумуштан алуу боюнча буйрук чыгарганбыз. Мыйзам боюнча аларды директор кызматтан алат. Бирок Козубаев биздин буйрукту аткарбай, алар иштен бошотула элек. Бул маалымат да өйдө жакка берилди", — деди Мамбетов.

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорун дайындоого талапкерлигин премьер-министрге МККнын төрагасы сунуштайт. Мындан улам Мамбетовдон "иштебей жатып алешемдикке шектелген Алымжан Козубаевге кантип ишеним арттыңыз?" деп сурадык. Ал буга жооп берип жатып түз айта албаса да, жогору жактан басым болгонун кыйытып өттү.

Белгилей кетсек, МККнын кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу 2019-жылдын 12-сентябрында чыккан. Бирок укук коргоо органдары ушу кезге чейин алгылыктуу чара көрө элек.

"Унаанын" тарыхы

2018-жылдын аягында Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жана Унаа каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо департаменти жоюлган. Анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Бул мекеме автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк берет. Биринчи директор Марс Саккараев директор болуп төрт ай иштегенден кийин Аламүдүн районуна аким болуп кеткен. Анын ордуна 2019-жылдын июль айында Алымжан Козубаев келген.

Эмгек жолу жана инспекторду тоготпогон жубайы

Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
Козубаев 1991-жылдан бери укук коргоо органдарында иштеген. Акыркы ирет ИИМдин Бангизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү башкы башкармалыгын жетектеп, 2015-жылы кызматтан кеткен. Бул жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышып, мандатка жеткен эмес. Соңку убактарда "Республика — Ата Журт" фракциясынын катчылыгында иштегени айтылат.

Козубаев экс-депутат Ташболот Балтабаевдин күйөө баласы. Жубайы Нургүл Балтабаева автоунаасы менен жол инспекторун жөөлөй айдап коомчулукка таанылган.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы чет жактан алып келинген оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынганына карабай, каттап жүргөн деп "Унаа" мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн адисин кармаган. Sputnik Кыргызстан сол рулдуу болуп кирген унаалар кантип оң рулдууга айланып каларына  баам салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0