Арасында эмнелер гана жок. Аэропортто жүргүнчүлөрдөн алынган буюмдардын видеосу

Жазылуу
Америкалык кызматтын өкүлдөрү өткөн жылы жүргүнчүлөрдүн жанынан таап алган өзгөчө буюмдар боюнча видео даярдады.

АКШнын транспорт коопсуздугу боюнча кызматы өткөн жылы аэропорттордон таң калычтуу буюмдарды конфискациялаган. Алардын тизмеси менен Fox News телеканалы таанышкан. Тизменин сап башына Аляскага барып, эстелик үчүн багыштын кыгын бир капка чогултуп алган саякатчы чыкты.

Открытие нового сегмента пассажирского терминала в аэропорту Домодедово - Sputnik Кыргызстан
Стамбул: аэропортто туристтердин атын жазып алып тосууга тыюу салынды
Экинчи орунга теннессилик турист илинди. Ал атайын эт кескен бычакты бортко алып кирүүгө аракет жасаган. Кийинки орунда баштыгына жылан салып алган адам турат.

Сан-Хосе (Калифорния штаты) эл аралык аэропортунда жүргүнчүнүн жанынан ар кандай узундуктагы үч самурай кылычы табылган.

Анкоридж шаарындагы аэропорттон (Аляска) болсо сигналдык ракета салып алган турист кармалган. Ал эми Майамидеги жүргүнчүнүн жанынан тапанчага окшош бычак табылган. Дагы бир жүргүнчү бортко коопсуздук жаздыгы менен кирүүгө аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0