АКШнын пилотсуз учкан жаңы аппараты сыноо учурунда талкаланып калды. Видео

Жазылуу
Аппарат АКШнын Коргонуу министрлигинин Артыкчылыктуу изилдөө долбоорлору боюнча башкармалыгынын буйругу менен жасалган.

АКШнын X-61A Gremlin үлгүсүндөгү турбореактивдүү кыймылдаткычы менен учкучу жок учуучу аппараты конуп жатып жарылып кетти. Бул тууралуу Dynetics компаниясы жарыялады.

Военные учения на полигоне Клерк в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
"Мистралга" жооп. Россиянын жаңы тик учактуу кемеси кандай болот?
Аппарат АКШнын Коргонуу министрлигинин Артыкчылыктуу изилдөө долбоорлору боюнча башкармалыгынын буйругу менен жасалган. Ал учактан кое берилип, тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин кайра эле учакка кайрылып келиши керек болчу.

Dynetics аппарат уча баштаган учурдагы видеону жарыялады. Анда канаттары, кыймылдаткычы ойдогудай иштеп, өз алдынча ийгиликтүү уча баштаган. Бирок бир жарым сааттан кийин аны жоготуп алышкан. Маалыматка караганда, аппарат жерге конордо парашют ачылышы керек эле. Бирок андай болгон эмес.

"Тилекке каршы, негизги парашют ачылбай калып, аппарат конуу учурунда талкаланды", — деп жазылат макалада.

Компаниянын мындай үлгүдөгү дагы бир нече аппараты бар экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0