02:02 17 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7314
  • RUB1.1008
Видео

Макрон менен Меркель сүрөткө түшөрдө Путинди "таппай" калышты. Видео

Кыскача шилтеме алуу
2087 0 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель сүрөткө түшүү аземинде Россиянын лидери Владимир Путинди "таппай" калышты.

Окуя Берлин шаарындагы Ливия маселеси боюнча мамлекет башчыларынын саммитинде болгон. Видео Sputnik Франция агенттигинин YouTube каналына жарыяланды.

Меркель менен Макрон саммиттин башка катышуучулары менен протоколдук сүрөткө түшүүгө даярданып жатышкан. Алар кесиптештеринин арасынан Путинди таппай издеп калышканын байкоого болот. Ал арада канцлер БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштен Россиянын президенти кайда экенин сураган. Себеби Путин Меркелдин жанында турушу керек болчу.

РФ лидери бир нече секундага кечигип келген. Макрон аны менен учурашып тосуп алса, Меркель кайда турушу керектигин көрсөткөн.

Саммиттин жыйынтыгы менен Ливиядагы гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү боюнча документтер кабыл алынды. Катышуучулар өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө ниетин билдиришти. Ошондой эле алар тараптардын чыр-чатагына колдоо көрсөтпөө тууралуу макулдашышкан.

Саммитке Россия, Франция, Германия, Египет, Улуу Британия, Түркия мамлекеттеринин лидерлери жана Еврокомиссия менен эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.

Тема боюнча

Путин тарыхты бурмалагандардын жаагын жап кылууну убадалады. Видео
Путин: башка өлкөлөр курал-жарак жагынан Россияны кууп жетиши керек
Белгилер:
Сүрөт, саммит, Эммануэль Макрон, Ангела Меркель, Владимир Путин, Ливия, Берлин

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ