Дельфиндер менен кучакташып. Путиндин эл көрө элек видеолору жарыяланды

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путиндин жеке оператору менен фотографы тарабынан тартылган архивдик кадрлар жарыяланды.

Аталган сүрөт, видеолор Путиндин 20 жылдык башкаруусунун алкагында коомчулукка чыгарылган. Буга арналып атайын "Путин, 20 жыл" — 20.kremlin.ru деген сайт ачылып, президенттин эл көрө элек кадрлары жүктөлүүдө.

Владимир Путин наблюдал с корабля за пуском ракет — видео учений - Sputnik Кыргызстан
Айбаттуу, күчтүү. Путиндин Крымда деңиздеги машыгууга көз салып турган видеосу
Бул ирет Россия лидеринин дельфиндер менен чогуу сууда сүзүп жүргөн, истребитель штурвалына отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле АКШнын 43-президенти Жорж Буш жана бийчилер менен бирге "Барыня" чыгармасын сахнага чыгып бийлеп жатканы бар.

"Путин, 20 жыл" долбоору Кремлдин расмий сайтында былтыркы жылдын аягынан тарта башталган. Анда Путин өлкө жана өкмөт башында турган учурдагы уникалдуу 600 сүрөт менен 100 видеоролик жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0