Эки көзү тең көрбөй калды. Таласта атылган бала илбирстин азыркы абалы видеодо

Жазылуу
Бала илбирстин экинчи көзү дагы көрбөй калды, бирок ветеринарлар көрүүсү бир аз жакшырат деп үмүт артат. Жырткыч мындан ары жапайы жаратылышка чыга албай, капаста күн өткөрөт. Sputnik Кыргызстан агенттиги ак илбирстин азыркы абалы менен таанышып келди.

Бала илбирске Жаабарс деген ат коюшту. Аны учурда белгилүү ветеринар, "Бугу-Эне" коомдук фондунун директору Салтанат Сеитова карап жатат. Адистин айтымында, жырткычтын абалы бир аз жакшырды, бирок саламаттыгына мурдагыдай эле кооптуулук бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековБир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган. Анын 18ин гана алып чыгышкан, чачма октун баарын чыгарууга такыр мүмкүн болгон эмес.
Эки көзү тең көрбөй калды. Таласта атылган бала илбирстин азыркы абалы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган. Анын 18ин гана алып чыгышкан, чачма октун баарын чыгарууга такыр мүмкүн болгон эмес.

Бакка чыгып алган жарадар жырткычты 9-январь күнү Таластын тургундары кармап, ветеринарларга өткөрүп беришкен. Эки жашка да чыга элек илбирс Бишкекке алып келинип, операция жасалган. Бир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган. Анын 18ин гана алып чыгышкан, чачма октун баарын чыгарууга такыр мүмкүн болгон эмес.

Ветеринарлар октун калганы зыянсыз болуп этке бүтүп калат же организм акырындап сүрүп чыгарат деген ишенимде. Ошол эле маалда коргошун зыянын тийгизиши мүмкүн деген да божомол бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда Жаабарс койдун эти менен азыктанууда. Абалы жакшырып кетсе Караколдогу зоопаркка которулат.
Эки көзү тең көрбөй калды. Таласта атылган бала илбирстин азыркы абалы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Учурда Жаабарс койдун эти менен азыктанууда. Абалы жакшырып кетсе Караколдогу зоопаркка которулат.
"Башында илбирстин бир эле көзү көрчү, эми экинчисине да доо кетип, сокур болуп калды. Дарылоо учурунда чакан капаста болот, андан соң жашаган жайын кеңейтүү керек. Жырткычтын тагдыры эми зоопаркка байланды" — деди Сеитова.

Учурда Жаабарс койдун эти менен азыктанууда. Абалы жакшырып кетсе Караколдогу зоопаркка которулат.

Ак илбирс бактын башына кантип чыгып, аны атканга кимдин колу барган деген суроолорго жооп табыла элек. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, илбирсти аткандар 1,5 миллион сом айыпка жыгылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0