Кадамжайда айыл тургундары ашар жолу менен тоодон суу алып түштү. Видео

Жазылуу
Кадамжай районунун Тамаша айылынын жашоочулары ашар жолу менен тоо боорунан түтүк аркылуу сугат суу тартып келишти. Демилгени ишке ашыруу үчүн 2,5 миллион сом жумшалган.

Тамаша айылын өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Момунбаев тургундар беш чакырым алыстыктагы булактан сууну тартып келүү үчүн 45 күндөн бери иштеп жатышканын билдирди.

"Айылдыктарды сугат суу менен камсыздоо үчүн Көтөрмө айыл өкмөтү 500 миң сом бөлүп берген. Жергиликтүү жашоочулар 320 миң сом чогултту. Калган каражат эл аралык уюм тарабынан бөлүндү", — деди Момунбаев.

Жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет. Мындан улам сугат суунун тартыштыгы күч болуп турган.

Строительство канала в Ак-Чийском айыл окмоту - Sputnik Кыргызстан
Таласта сугат каналын курган жакыр үй-бүлөлөр ун, май менен камсыздалууда
Тамаша айылынын башчысы Муса Темиров буга чейин суу арык аркылуу келгендиктен айылга жетпей, жарымы соолуп калганын билдирди.

"Жашоочулар сугат сууну кезек-кезеги менен эки саат пайдаланып, ар бир түтүнгө 50 күндө бир жолу кезек келчү. Айыл четинде жашагандардын бак-дарагы куурап калган учурлар да көп кездешти. Эми айылга түтүктөр аркылуу суу алып келсек, 30 күндө бир жолу кезек тиет", — деди Темиров.

Тамаша айылында 650дөн ашык түтүн жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0