Куйкаланган жаныбарлар, сел сымал жалын. Австралиядагы өрттүн видеосу

Жазылуу
Күздөн бери токтобой күйүп жаткан Австралия токойлорун байырлаган 500 миллион жандык кырылды. Экологдор мунун кесепетинен жаныбарлардын айрым түрлөрү такыр жоголуп кетерин айтып кооптонууда.

РИА Новости Австралиядагы өрт учурунан тартылган кадрларды жарыялады. Маалыматта коала жаныбарлары көп кырылып жатканы айтылат. Кээ бир жарандар аларды коопсуз жайга алып кетүүгө аракет кылууда.

Адатта элден окчун жүргөн жаныбарлар өрттөн улам адамдарга жакындап келип, алардан жардам сурагансып жатканын айтышууда.

Конь нырнул в гущу дыма, чтобы спасти кобылу с жеребенком. Видео - Sputnik Кыргызстан
Үлгү болду. Бээни кулуну менен токойдогу өрттөн куткарган айгырдын видеосу
2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрт беш миллион гектардан ашуун жерди жалмап, калк жашаган миңден ашуун турак жай күйгөн. Күндүн ысыгы жана шамалдын ыргагы өрттү ого бетер күчөтүп жатат. Соңку маалымат боюнча, тилсиз жоонун кесепетинен 25 адам каза болгон. Мындан сырткары, дайынсыз жоголгондор, жаракат алгандар да бар.

Токойдогу өрттөн чыккан түтүн ондогон шаарды чулгады. Мельбурн шаарынын тургуну Энтони Кеннеди парк аралап бир саат жүрүү 10-15 тамеки чеккен менен барабар болуп жатканын айткан.

Тилсиз жоонун мизин кайтаруу үчүн авиациянын жана аскер-деңиз күчтөрүнүн кемеси да тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0