Жалындап күйгөн автоунаа башкаларын сүздү. Видео

Жазылуу
Интернет айдыңында унаа күйүп, андан соң жол кырсыгына кабылган видео жарыяланды. Аны ViralHog аттуу интернет колдонуучу YouТube каналына чыгарды.

Өрт жалындагандан кийин автоунаа өзүнөн-өзү жүрүп кетип, жол боюнда токтоп турган башка автомашиналарды сүзгөн.

Окуя католиктердин Рождество майрамында Словениянын борбору Любляна шаарында болгон. Видеонун автору ал күнү шаарда сейилдеп жүрүп, жалындап күйгөн автоунааны көрөрү менен шак эле камерага тарта баштаганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0