Сооронбай Жээнбековдун жаңы жылдык куттуктоосу. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы жылдын босогосун аттап жатып жалпы кыргызстандыктарды куттуктады. Ошондой эле ал узап бараткан жылда өлкөдө бир катар алгылыктуу иштер аткарылып, Бишкек дүйнөлүк маанидеги иш-чаралардын борбору болгонун белгиледи.

Мамлекет башчы эки жыл бою аймактарга астейдил көңүл бурулганын эскертти.

"Айыл турмушундагы өзгөрүүлөрдү элеттиктер сезгенде гана максатыбызга жеттик десек болот. Ошондуктан бул багыттагы иштер 2020-жылы да уланат. 2019-жылы калкка кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү башталды. Кемчиликтер дагы да арбын, бирок биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Анын негизги максаты - коррупцияны азайтуу, жаңы технологияларды колдонуу менен элдин турмушуна ыңгайлуу шарттарды түзүү. Өтүп бараткан жылы кыйынчылыктарды чогуу жеңип, өлкөнү өнүктүрүү үчүн бирге аракет кылдык. Сиздердин ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем", — деди Жээнбеков.

Президент жаңырган жыл акжолтой болуп, "жергебизде тынччылык, коомубузда ынтымак орноп, Жараткан өзү колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн, жаңы жылыңыздар менен!", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0