13:26 30 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Видео

Россиялык ырчы Пелагея "Голос" шоусунда Нуржигит менен кыргызча ырдады. Видео

Кыскача шилтеме алуу
814 0 0

Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Россиядагы "Голос" музыкалык конкурсунун жарым финалында өнөрүн көрсөттү.

Субанкулов башында Валерий Сюткиндин командасында болчу, бирок нокаут таймашы учурунда аны Константин Меладзе сактап калган.

Россиянын "Голос" музыкалык сынагында Нуржигит Субанкулов атаандашы Аскер Бербеков экөө россиялык ырчы Пелагея менен "Конь" чыгармасын аткарышты. Алгач Пелагея орус тилинде баштап, андан соң Нуржигит кыргыз тилинде ырдаган. Кайырмасын болсо экөө тең кыргызча ырдашты. Үчүнчү куплетин Кабардин-Балкар Республикасынан (Россия) келген Бербеков өзүнүн тилинде улантты.

Ал эми добуш берүүгө келгенде насаатчысы Константин Меладзе добушунун 40 пайызын Субанкуловго, 60 пайызын Бербековго берген. Көрүүчүлөрдүн добушун кошкондо дагы кыргызстандык ырчы аз упай алып, финалга өтпөй калды. Мындан улам Нуржигит Субанкулов калыстар тобуна, насаатчысына жана бардык күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип конкурс менен коштошуп кетти.

Аталган сынактын жарым финалы кечээ, 27-декабрда, өттү.

Тема боюнча

Кыргызстандык жигит "Голос" долбоорунун жарым финалына өттү. Видео
Белгилер:
конкурс, "Голос" долбоору, ырчы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ