Чопулдатып дары ичип... Медиктердин тараканга операция жасап жаткан видеосу

Жазылуу
Красноярск аймагында ветеринарлар таракандын ургаачысына операция жасагандыгы мурда маалымдалса, эми интернет айдыңында анын видеосу тарады.

Бул тууралуу маалымат алгач Instagram баракчадагы limpopovet деп аталган аккаунтка чыккан.

Красноярск аймагындагы ветеринардык клиниканын дарыгерлери "пациенттин" кожоюну жана өздөрү үчүн тараканды кармалоо, ага кам көрүү адаттагы иш. Бирок көпчүлүк үчүн итиркейди келтирет.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда дарыгерлер бейтаптын мээсинен тирүү курт алып чыкты
Тараканга наркоз берип жана операция жасалып жаткан видео YouTube каналына жарыяланган.

Видеодо медициналык кызматкер алгач тараканды "уктаткандан" кийин анын куурчакчасын алып салып жатат.

Көңүл коюп караган киши ассистент берген ооруну басаңдатуучу дарыны таракандын чопулдатып соруп жатканына да күбө болот.

Мындан мурда дарыгерлердин бири Марина Андрианова ургаачы таракандын куурчакчасын алып салганын айтып берген.

"Архимандрит-таракандын төрөгөндөн кийин куурчакча түзөлүп, калыбына келбей койгон. Буга кошумча, өнүкпөй калган дагы бир нече личинкалары калыптыр. Бизге кожоюну аны такыр эле жаман абалда алып келген, эгерде операция жасалбаса өлүп калмак. Азыр биздин "пациент" үйүндө", — деп айтып берген дарыгер.

Архимандрит-таракан — Түштүк Америкада жашаган жандыктардын бир түрү. Мекени Коста-Рика жана Панама. Узундугу 75-85 миллиметр (көлөмү чоңдорунуку — 100 миллиметрге жетет). Булар сейрек кездешкен курт-кумурскалардын түрүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0