НАТО жаңы жылды Россияга кирип келүүгө репетиция кылуудан баштамакчы

Жазылуу
Немец ЖМКлары АКШ башында турган НАТО Россияга кирип келүү боюнча репетиция кылып жаткандыгын тартып алып, жарыялап жиберди.

2020-жылдын башына Европада чейрек кылымдан бери болбогон "Европа коргоочусу — 2020" деп аталган башкача жана ири машыгуулар өтөт, ал февралдан тарта башталат дешти. Негизги максат — америкалык күчтөрдү Россиянын чегине жакын жайгаштыруу.

Эксперттер мындай кадамы менен АКШнын аскер командачылыгы Калининград облусунун аймагына кирип келүүнү тесттен өткөрөрүн боолголоп жатат. Башкы логистикалык борбор Германия болмокчу. Ал аймакка америкалык аскер техникасы алып келинет да, андан соң башкы плацдарм болгон Литва, Латвия жана Эстонияга жайгаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0