Болотбек Шамшиев менен коштошуу зыйнаты. Видео

Жазылуу
Кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев Бишкек шаарында 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында оорудан улам дүйнө салган.

Бүгүн, 24-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында "Кыргыз кино кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев менен коштошуу зыйнаты өттү. Коомчулук коштошуп бүткөн соң, кыргыз киносунун корифейинин сөөгү Бишкек шаарындагы  "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. 

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында оорудан улам көз жумган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0