02:18 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Видео

Кыргызстанга сырттан келген унаалар кантип текшерилет? Видео

Кыскача шилтеме алуу
1139 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Кыргызстанда 2017-жылдан тарта ЕАЭБдин чегинен тыш өлкөлөрдөн ташып келинген автолорду каттоонун жаңы эрежелери күчүнө кирген. Ошондон бери унаа коопсуздугу атайын лабораторияларда текшерилет. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы иштин жүрүшү менен таанышып келди.

Ноябрда Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкектин көчөлөрүндө эмнеликтен 2019-жылы сол рулдуу болуп катталган оң рулдуу автолор жүргөнүнө кызыгып көргөн. Айдоочусу оң тараптан орун алчу унааларды ташууга 2015-жылы эле тыюу салынганын эсиңиздерге сала кетели.

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) текшерип чыгып, мындай бүтүмгө келген: Кыргызстанга андай унаалардын рулун сол жакка коюп ташып келип, каттоодон өткөн соң, тийиштүү документтерди алгандан кийин рулду ордуна кайрадан орното коюшат экен.

Редакциябызга берген жообунда МКК андай амал менен ташылган унаалардын рулу завод тарабынан эмес, кол менен орнотулган болсо, анда коопсуздук күбөлүгүн кантип алышы мүмкүн деп ой толгойт.

Кеп Кыргызстанга Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болбогон өлкөлөрдөн ташып келинген автомобилдерди каттоо үчүн зарыл болгон атайын документ жөнүндө жүрүүдө. Анын толук аталышы — транспорттук каражаттын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк. Документти берүү менен тийиштүү каттоодон өткөн, ЕАЭБдин атайын реестрине кирген сыноочу лабораториялар алектенет.

Автомобилди текшерүүчү мындай алгачкы борбор 2017-жылы, үчүнчү өлкөлөрдөн келген машиналарды каттоонун жаңы эрежелери күчүнө кирген маалда түзүлгөн.

Работа лаборатории по проверке авто на безопасность
© Sputnik / Карина Разетдинова
ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден алынып келген машиналар Бажы биримдигинин техникалык регламентине дал келиши керек

Ушул тапта республикада беш диагностикалык борбор иштейт. Бул боюнча транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү борборлорунун ассоциациясынын башчысы Сатан Асылбеков билдирди. Анын айтымында, төрт лаборатория Бишкекте, бири Ош шаарында жайгашкан (Бирдиктүү реестрден техрегламенттик боюнча сыноочу лабораториялардын үчөөнү Бишкектен, Военно-Антоновка жана Оштон таптык).

Sputnik Кыргызстан редакциясы сырттан ташып келинген автомобилдердин коопсуздугу кантип текшерилерин билип көрдү. Жергиликтүү лабораториялардын биринде болуп, текшерүүнүн жүрүшүнө көз салдык.

Экспертиза кандай жүрөт?

Баары тапшырык берүүдөн башталат, андан кийин лаборатория менен кардар келишим түзөт. Эгер машинанын документтери бардык талаптарга жооп берсе, автону техникалык экспертизага жөнөтүшөт. КРге ЕАЭБ чегинен тыш мамлекеттерден ташып келинген машина Бажы биримдигинин “Дөңгөлөктүү транспорттук каражаттардын коопсуздугу жөнүндө” регламентинин бардык талаптарына төп келиши шарт. Анткени текшерүүдө адистер дал ушул документке таяна иш алып барат.

Эксперттер бардык тиркелген, анын ичинде бажы-кириштөө ордери, VIN-коду жана башка документтерин толук салыштырып чыгат.

Кардарларды көпкө кармабаш үчүн экспертизаны дароо бир нече адис жүргүзөт. Автолабораторияда беш пост бар, биринчисинде адистер жалпы коопсуздугун: блокко түшүрүп чыгаруучу тутумун, коопсуздук кемерин, аптечка, өрт өчүргүч каражаты, шиналарын карап, транспортко көз жүгүртүп чыгышат.

Экинчи постто руль люфту текшерилет, үчүнчүсүндө түтүн чыгаруучу тутуму каралат. Текшерүүчү лабораториянын директору Замирбек Сатыбалдиев техникалык регламент боюнча машина белгилүү экологиялык класска туура келиши керектигин айтат.

Работа лаборатории по проверке авто на безопасность
© Sputnik / Карина Разетдинова
Сынай турган лабораториянын жетекчиси Замирбек Сатывалдиев
"Кыргызстанга сырттан ташып келинген унаалар салыштырмалуу жаңыраак, алар тийиштүү экологиялык класска дароо ылайык келет", — деп түшүндүрдү ал.

Түтүн чыгарган тутуму атайын жабдык менен, тагыраагы, газоанализатор менен текшерилет. Кийинки постто адистер фараларын карашат, ал эми эң соңку постто автомобилдин коопсуздугунун эң негизги көрсөткүчү болгон тормоз тутуму текшерилет.

Экспертиза акысы канча турат?

Күбөлүктү жеке лабораториялар берет. Сатыбалдиевдин айтымында, жеңил унаанын экспертиза акысы 3300дөн 4800 сомго чейин. Коопсуздугун текшерүүгө бензин же дизель менен жүргөн автолор менен катар эле электромобилдердин ээлери да төлөйт.

"Процедурадан өтүү үчүн 3300 сом төлөө зарыл. Бирок көпчүлүгү үч күн күткүсү келбейт, аларга кошумча акы төлөп, документти тезирээк алган дурус. Мындай учурда экспертиза миң сомго кымбатыраак болот. Андан тышкары, чет тилдеги документтердин бардыгы орус жана мамлекеттик тилдерге которулушу шарт. Биз котормочулук агенттик менен келишим түзгөнбүз, каалагандар башка контораларга чуркап отурбастан, кошумча 500 сом төлөп коё алышат", — дейт ал.

Работа лаборатории по проверке авто на безопасность
© Sputnik / Карина Разетдинова
Лабораториядагы экспертиза беш этаптан турат

Бул эки кошумча кызмат — тездиги жана документтердин которулушу тең кардардын каалоосуна жараша экендигин белгилейт Сатыбалдиев. Эгер кааласа, бишкектиктер документтерди бөлөк агенттиктерден котортуп келип же үч күн күтсө да өз эрки, андайда 1500 сомду үнөмдөп калышат.

Сатыбалдиевдин айтымында, Кыргызстанда мындай процедуранын акысы Бажы биримдигиндеги башка мамлекеттер, маселен, Казакстан же Россиядагыга караганда кыйла төмөн.

“Оңдон солго айлангандар” эмне болот?

Рулу алмаштырылган машиналарды да техрегламенттин талаптарына ылайык текшеришет экен.

"Оң рулдуу автомобилдерди Кыргызстанга чындап эле сол рулдуу кылып алып киришет. Ошондой абалда алар бажы жол-жобосунан өтүп, андан соң гана экспертизага барат. Биз дал ошол маалдагы абалына жараша карайбыз, эгер автомобиль бардык талаптарга төп келсе, күбөлүк беребиз", — деп түшүндүрөт ал.

Эгер эксперттер “оңдон солго алмаштырылган” машиналардан мандем тапса, лаборатория кайра текшерет. Сатыбалдиевдин айтымында, диагностикалык борбор андай автолордун бузук жерин оңдоп келген учурлары арбын.

Экспертиза жана документ берилгенден кийин автонун “өзгөрүшүнө” лаборатория жоопкерчилик албайт.

"Биз автонун кийинки абалы, анын ичинде рулдун оң тарапка кайра алмашып калышына жооп бербейбиз. Коопсуздук күбөлүгүн алган соң авто кожоюндары каалаганындай алмаштыра алышат, рулду кайра ордуна кайтарууга биз тыюу сала албайбыз", — деп белгилейт ал.

Работа лаборатории по проверке авто на безопасность
© Sputnik / Карина Разетдинова
Эксперттер автоунааларды анын документтери менен тыгыз салыштырып карайт

Машина экспертизадан өтпөй калса, эмне болот?

Эгер лабораториянын эксперттери унааны коопсуз деп табышпаса, анда бул туурасында кожоюнуна кабарлап, кайсы көрсөткүч боюнча машина экспертизадан өтпөй калганы жазылган корутундуну карматышат.

Сатыбалдиевдин айтымында, кыргызстандыктар көбүнесе алдын ала оңдоп алып келишет.

"Өлкөгө мурда урунган автолорду көп ташышат. Бузук машина күбөлүк ала албасын эл билет, ошондуктан, адегенде транспортту оңдоп, тартипке келтиргенден кийин, башкача айтканда, техникалык жактан оңдолгондон кийин гана бизге алып келишет", — деди ал.

Лабораториянын жетекчиси белгилегендей, бир катар себептер менен, мисалы, машиналардын моторлору иштебесе, кузовунда көйгөй болсо, күбөлүк берилбейт. Көбүнесе коопсуздук кемери же тормоздук тутумунда мандем болушу ыктымал.

Тема боюнча

Бажыдагы автоунааны каттаган жайлар 11 күн катар түнгө чейин иштейт
Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтүн узартуу пландалууда
Сол рулдуу болуп кирген унаалар кантип оң рулдууга айланып калат. Чоо-жайы
Белгилер:
Кыргызстан, лаборатория, текшерүү, автоунаа

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ