Нур-Султанда Орозбек Аширов алыш боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык балбан алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Аталган мелдеш Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп, 23-декабрда жыйынтыкталды.

Түркияда кикбокстун фулл-контакт бөлүгү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, кыргызстандык Авазбек Аманбеков алтын байге алса, Рустам Ибрагимов коло медаль тагынды - Sputnik Кыргызстан
Түркияда кикбоксчу Аманбеков дүйнө чемпиону болсо, Ибрагимов коло тагынды. Сүрөт
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин билдиришинче, Аширов 100 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашкан. Кыргызстандык балбан чейрек финалда молдовалык атаандашын жеңип, жарым финалда грузиялык спортчуну утуп алган.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон финалдык беттеште монголиялык балбан менен кармашып, жеңишти камсыздаган. Натыйжада ал алыш күрөшү боюнча 2019-жылдын дүйнө чемпиону аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0