Артын карабай качты. Маймылдын чабуулуна туруштук бере албаган кабыландын видеосу

Жазылуу
Кадимки эле кабылан менен маймылдын кармашы Зимбабведеги жаратылыш паркында болгон. Капыстан жасалган чабуулдан жырткыч мерт болуп кала жаздаган.

Окуя аталган өлкөдөгү Кичи Замбези деп аталган корукта болуп, видеого тартылып калган.

Маймылдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сейилдеген ата-бала маймылдар элди күлкүгө салды. Видео
Ролик Maasai Sightings YouTube-каналына жарыяланган.

Видеонун авторунун айтымына караганда, кабылан бабуиндерге аңчылык кылуу ниети менен дарактын башында жүргөн. Бирок бул "жортуулунда" маймылдардын башчысына туш келип калып, оңбогондой эле сокку алган. Жанын аябаган жаныбар жырткычка агрессия менен кол салгандыгын көрүүгө болот. Акырында кабылан бир нече метр бийиктен секирип кетип, артын карабай качкан.

Андагы маалыматта жырткычтын тирүү калгандыгын, болбосо кабылан экендигине карабай, маймылдарга жем болуп калган учурлар бар экендигин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0