Анталия: өзбекстандык киши банк тоноого кирген. Спецназды чуу түшүргөн видео

Жазылуу
Анталиянын Коньяалты районунда эртең менен банктардын бирине белгисиз киши кирип келип, бир нече кызматкерди барымтага алган. Тапанча көтөргөн адам жанында жарылуучу каражаты дагы бар экенин айтып коркуткан.

Куралданган каракчы банкта иштеген кыз-келиндердин баарын сыртка чыгарып, онго жакын эркек кишини туткундап турган. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги Haberler басылмасына таянуу менен билдирди.

Задержание подозреваемых во взломах банкоматов  - Sputnik Кыргызстан
Банкоматтардан 9 млн. сом уурдап кетти делген эки кишиге соттун чечими чыкты
Окуя кечээ, 17-декабрда, болгон. Каракчыны кармоо үчүн райондогу полиция бөлүмдөрү жана атайын даярдыктагы аскерлер тартылган. Тегерек четиндеги көчөлөр тосулган.

Сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин каракчы өзү багынып берген. Ал Өзбекстандын 41 жаштагы жараны экени аныкталды. Ал эми элди коркуткан тапанча жөн гана муляж болгону айтылат.

Кийинчерээк Анталиянын губернатору карактоого аракет кылган кишинин банк кызматкерин алдап кеткенин, ушундай жол менен ал элдин көңүл бурдурууну каалаганын билдирген.

Өзбекстан жараны камакка алынып, кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0