"Дүйнө сулуусу" Уитни Хьюстондун ырын аткарып, залды жарды. Видео

Жазылуу
"Дүйнө сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү Тони-Энн Сингх талантын көрсөтүү маалында атактуу ырчы Уитни Хьюстондун ырын аткарып, көптөрдү таң калтырды.

Сулуунун аткаруусундагы бул номер сынактын YouTube каналына жарыяланган.

Лондондо мындан бир нече күн мурда, тагыраагы, 14-декабрда өткөн сулуулар сынагында Ямайка өкүлү Тони-Энн Сингх жеңүүчү болгон.

Ага Кыргызстандын атынан 24 жаштагы Екатерина Заболотнова катышкан.

23 жаштагы Тони-Энн Сингх Флорида штатындагы университетти психология адистиги боюнча аяктап, эми медицинага кызыгып турган чагы.

Сулуу кулинарияны, волонтерлукту, видео блогду алып барганды жана ырдоону жакшы көрөрүн айткан. Анын үнү сынакта жеңүүчү болууга жардамын берип, жарым финалга чыгарган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Toni-Ann Singh (@toniannsingh)

Ямайкалык селки атактуу Уитни Хьюстондун (1963-2012) I have nothing ("Менде эч нерсе калбады") деген ырын аткарган. Чыгарманы аткаргандагы чеберчилиги үчүн калыстардын жогорку баасына татыган.

Социалдык тармактын колдонуучулары калыстар туура баа бергендигин жүктөлгөн видеонун алдына жазган.

Кызга атактуу студиялардан да сунуштар түшөрүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0